Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Чүй облусуМосква району 25.02.2019 15:01 На русском

Чүйдө жөө адамды унаасы менен сүзүп өлтүргөн айдоочу качып кеткен

Turmush -  Чүй облусундагы Москва районунда «Мерседес-Бенц» автоунаасынын айдоочусу унаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп, өзү качып кеткен. Шектүү ким экени көп узабай аныкталды.

Москва районунун ички иштер бөлүмүнө 2019-жылдын 12-февралында саат 07:50 чамасында Беловодск айылындагы көчөдөн жансыз дене табылганы тууралуу маалымат түшкөн, деп маалымдайт Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы. Айтылган дарекке Москва РИИБдин ыкчам тобу барып, Бишкек—Чалдовар унаа жолунун 36-чакырымынан катуу жаракат алып көз жумган эркек кишинин денеси табылган.

Бул окуя КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин (жол кыймылынын жана транспорт каражатын пайдалануу эрежесин бузуу) негизинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө каза болгон адамдын өздүгү такталып, ал Ош облусунда төрөлүп, Москва районунда жашап жүргөн 64 жаштагы жаран экени аныкталган.

Москва РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери ыкчам издөө иш-чарасынын жүрүшүндө, шектүүнүн өздүгү такталып, ал Токмок шаарынын 32 жаштагы тургуну Н.У. болуп чыкты.

Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, «Мерседес-Бенц» автоунаасынын айдоочусу окуядан кийин жабыркаган адамга жардам бербей, качып кеткен. Москва райондук соту тарабынан шектүүгө карата сыртка чыкпоо чарасы көрүлдү. Автоунаа айып пул төлөөчү жайга киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×