Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Чүй облусуМосква району 27.02.2019 10:23

Акыркы суткада өлкө аймагында 6 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 8 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 27-февралда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Чүйдөгү Москва районунун Садовое айылында сарайдан өрт чыгып, анын кесепетинен 600 чарчы метр чатыры жана 3000 түк чөп күйдү. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Панфилов районунун Чалдовар айылында сарайдын 150 чарчы метр чатыры, 1000 түк чөп өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×