Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуМосква району 21.03.2019 14:11

Москва районунда Нооруз майрамы кандай белгиленип жатат? Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 21-мартта Москва районунун борбордук аянтында Нооруз майрамы белгиленип жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага райондун жетекчилери, айыл аксакалдары, жергиликтүү тургундар, маданият кызматкерлери жана мектеп окуучулары катышууда. Ошондой эле борбордук эс алуу паркында жеткинчектер үчүн түрдүү оюн-зооктор өткөрүлүүдө.

Алгач Нооруз жөнүндө сөздөр жаңырып, баба дыйкан үрөн септи. Андан соң райондун акими Ө.Ногоев райондун калкын куттуктады.

«Бул күнү күн менен түн теңелип, жаратылыш ойгонуп, жашоо жаңыланып, адамзаттын жан дүйнөсү өзгөчө шаңга толот. Нооруз келгенде баардыгыбыз келечекке көз жүгүртүп, эң бийик жана таза ой-тилектерибиз кабыл болуусун самайбыз.

Мамлекетте экономикабыз өнүгүп, жашоо турмушубуз жакшырса деген элибиздин үмүтүн актоо үчүн бир топ аракеттер болуп жатат. Ноорузду тосуп жатып боорукердик бийик сапатка ээ болгон элибиздин улуу салтын уланта берсек бардык кыйынчылыктарды жеңебиз деп ишенем. Нооруз майрамыңыздар кут болсун», - деди райондун акими Ө.Ногоев.

Учурда элге сүмөлөк тартууланып, тамак-аш көргөзмөлөрү да уюштурулууда.

Нооруз майрамында райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Ж.Молдокулова өз кызматкерлери менен ишмердүүлүгүн көрсөтүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×