Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуМосква району 01.04.2019 11:22 На русском

Поезд ыргыта сүзгөн унаа: Кызы менен жолдошунан айрылган келиндин абалы

Turmush -  31-мартта Чүй облусунун Москва районунда поезд жеңил автоунааны сүзүп, анын кесепетинен 2 адам мерт кетип, 1 жаш 4 айлык кыз ооруканага жетпей чарчап калды.

Чүй облустук ЖКККБнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, унаада төрт чоң киши, бир наристе болгон.

«Кырсык учурунда эки адам каза болгон. Айдоочу жана арткы орунда отурган эне-бала ооруканага жеткирилген. Бирок кыз ооруканага жетпей чарчап калган», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

«Айдоочу аман калды. Анын жанындагы орунда жана арткы орунда отурган Айнуранын жолдошу кайтыш болуп, кызы чарчап калды. Булар өздөрү Ала-Букадан болушат. Келин учурда уга элек. Ага биз кызыңыз балдар бөлүмүндө, ал эми жолдошуңуз башка ооруканада деп койдук», - деди күбөлөр.

Ал эми Москва райондук аймактык ооруканасынан билдиришкендей, бүгүн, 1-апрелде аталган келин эс-учуна келди.

«Анын сол колуна операция жасалды. Азырынча жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир аздан кийин жөнөкөй бөлмөгө которобуз. Бардык керектелүүчү медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө», - деп маалымдашты.

Учурда кырсык боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×