Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуМосква району 12.04.2019 08:38

Москва районунда социалдык шаарча ачылып, 67 үй-бүлө батирлүү болду (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунун Садовое айылында социалдык шаарчанын ачылыш аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу Садовое айыл өкмөтүнүн башчысы Муратбек Долеткулов кабарлады.

Ачылыш аземге эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри У.Кочкоров, райондун акими Ө.Ногоев, айыл өкмөттүн башчылары, жергиликтүү тургундар, демөөрчүлөр, мугалимдер жана окуучулар катышты.

М.Долеткуловдун айтымында, айылда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 67 батирден турган 17 үй курулган.

«Социалдык шаарчанын ачылышы өзгөчө жаңылык болду. Анда кичи футбол аянтчасы, эс алуучу жай, ФАП, дүкөн, мечит жана 17 үй курулган. Ачылыш аземде министр У.Кочкоров, аким Ө.Ногоев сөз сүйлөп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык, моралдык жардам көрсөтүлүп жатканын белгилешти. Бул 67 батирге 67 үй-бүлө жайгашты. Анын ачкычтары тапшырылды. Бүгүндөн баштап районубуздун башка айылдарынан келгендер Садовое айылынын тургуну болот», - деди ал.

Министр У.Кочкоров демөөрчүлөр жана жергиликтүү тургундар менен бирге кызыл тасмасын кесишип, ар бир үйдүн шарттары менен таанышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×