Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуМосква району 18.04.2019 14:53 На русском

Москва районунда бийиктиги 15 метр болгон көпүрө курулууда

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу суусуна бийиктиги 15 метр болгон көпүрө курулууда. Бул тууралуу курулуштун прорабы, 53 жаштагы Шаболот Карачаев маалымдады.

Анын айтымында, Бишкек—Кара-Балта жол каттамындагы Ак-Суу суусуна көпүрө куруу жумушу 2018-жылдын июль айларында башталган.

«Ак-Суу суусундагы көпүрөнүн узундугу 29,150 метр, туурасы 27,125 метрди түзөт. Ал эми бийиктиги 15 метр. Анын 12 метри жер алдына кирет. Көпүрөнү көтөрүп туруучу мамылар темир бетондор менен орнотулууда. Учурда бештен ашуун техника жана 15ке жакын жумушчулар иштешүүдө. Биз жумушту баштаганга чейин бул жерде эски көпүрө болгон. Аны бузуунун алдында 2 жол тилкесинде айланма автожолу курулган», - деди ал.

Көпүрө 2019-жылдын акыркы айларында толук курулуп бүтүп, пайдаланууга берүү күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×