Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуМосква району 08.05.2019 18:20

Москва районундагы ардагерлерге 10 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды

Turmush -  Бүгүн, 8-майда Улуу Жеңиш күнүнө карата Чүй облусунун Москва районунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине «Милдетке бекемдиги үчүн» медалы, 10 миң сом өлчөмүндөгү каражат жана азык-түлүк тапшырылды. Бул тууралуу райондук аскер комиссары, подполковник Жайдарбек Бузурманкулов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, Москва районунда 4 ардагер бар. Алар Беловодск айылынын тургундары — 92 жаштагы Горбань Николай Николаевич, 94 жаштагы Попов Владимир Петрович, 93 жаштагы Куцев Иван Ильич жана Садовое айылынын 96 жаштагы тургуну Гетьман Екетарина Афанасьевна.

«Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова, райондун акими Ө.Ногоев айыл өкмөтүнүн башчылары жана аскер комиссариатынын кызматкерлери менен биргеликте согуш ардагерлеринин үйлөрүнө бардык. Аларга өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фондунан 10 миң сом, райондук акимчиликтен 10 миң сом, айыл өкмөттөрүнөн 10 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын 3-даражадагы "Милдетке бекемдиги үчүн" медалы ыйгарылды.

Мындан сырткары ардагерлерге аскер комиссариаты тарабынан азык-түлүк бердик», - деди райондук аскер комиссары Ж.Бузурманкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×