Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Чүй облусуМосква району 18.05.2019 13:15

Ураган үйдүн алдында калган тургундар, дарыяга кулаган унаа, жардамга келген тик учак…Москва районундагы машыгуу

Turmush -  Кечээ, 17-майда Москва районунун Ак-Суу айыл аймагында Чүй облусунун жарандык коргонуу күчтөрү башкаруу органдары менен бирге куткаруу-машыгууларын көрсөтүштү. Ага өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары К.Ахматов, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын өкүлдөрү, облустук, райондук жетекчилер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, ички иштер, райондордогу өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн, айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, иш-чараны өткөрүү үчүн атайын чатырлар тигилип, тийиштүү техникалар камсыздалган. Коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жер титирөөнүн кесепетинен, өрт, жол кырсыктарынан куткаруу машыгууларына керектүү жабдуулар даярдалган.

Иш-чара өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары К.Ахматовдун куткаруу-машыгуунун максаттары, милдеттери жөнүндөгү сөзү, куттуктоосу менен башталды.

Алгач чалгындоо тобунун маалыматы боюнча жер титирөө кесепетинен үйдүн урандыларынын алдында калган жарандарды издөө, куткаруу, жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам берүү, абалы оорлорду талаа бейтапканасына жеткирүү иш-аракеттери көрсөтүлдү. Андан соң, көп кабаттуу үйдө электр зымдарынан пайда болгон өрттү өчүрүү, андан адамдарды куткаруу, медициналык жардам көрсөтүүгө багытталды.

Ак-Суу дарыясына түшүп кеткен жеңил автоунааны чыгаруу машыгууларын Жайыл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери чагылдырышты. Айдоочуга медициналык жардам көрсөтүү аракеттери да көрсөтүлдү. Мындай жагдайларда куткаруу, гумжардам көрсөтүү максатында тик учак айланып учуп, жалпы чалгындоо жумуштарын жүргүзүү менен бирге оор жаракат алгандарды бейтапканага жеткирүү аракеттери да жүргүзүлдү. Ошондой эле жер титирөө кесепетинен темир жолдун рельси кыйроого учурап, келе жаткан поезд жолунан чыгып, күйүүчү майлар төгүлгөндөн өрт чыккан. Аны көбүктөндүрүүчү заттарды колдонуу менен өчүрүү машыгуулары өзүнүн актуалдуулугу менен айырмаланды.

Ондогон иш-чаралардын соңунда министрдин орун басары, облустук, райондук жетекчилер тигилген чатырларды кыдырышып, ар бир бөлүмдөр менен таанышты. ӨКМ жана облустук башкармалыгы тарабынан активдүү катышкандарга ардак грамота жана «Аскердик-жарандык кызматташтыкты бекемдегендиги үчүн» медалдар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×