Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Чүй облусуМосква району 31.05.2019 17:13 На русском

Балдарды коргоо күнү: Москва районунда майып балдарга 28 000 сомдук белектер тапшырылды

Turmush -  ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун өздүк курамы 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата Москва районунун Беловодск айылындагы балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесиндеги балдарга белектерин тапшырышты. Бул тууралуу аталган полктун басма сөз кызматынан билдиришти.

Балдарды майрамы менен полктун командири, милициянын полковниги А.Султаналиев куттуктап, ар бир балага ден соолук тилеп, мугалимдерине ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде аталган интернаттын жетекчилиги «Шумкар» атайын багыттагы полкунун жетекчилигине жана өздүк курамына терең ыраазычылык айтышты.

Мектеп-интернатына 28 000 миң сомдук белектер тапшырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×