Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Чүй облусуМосква району 04.07.2019 22:52

Жаш талант: Бизде да тартип катуу, - досторуна командир болгон Акыл

Turmush -  7 жаштагы Акыл Мухамбетов Чүй облусунун Москва районундагы Кош-Дөбө айылында 2012-жылы төрөлгөн. Үй-бүлөдөгү 3 уулдун экинчиси. Ал Садовое айылындагы Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун куткаруучучулары менен бирдикте ырдап, түрдүү клиптерге тартылып келет. Анын таланты менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен жакында Садовое айылындагы "Солнышко " бала бакчасынан билим, тарбия алып, бакчам менен коштоштум. Эми мектептен билим алам. Ырдаганды, аскер кийимин кийип, жоокерлердей басканды жакшы көрөм. Буга атам Кумар, апам Жазгүл да каршы эмес. Биз бакчада жүргөндө өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, Куткаруучуларды даярдоочу борборго саякатка көп барчубуз. Ошондо алар бизге жоокер ырларын ырдап берчү. Аны мен жаттап алгам. Кийин клип тартууга катыштым. Атам менен апам "сен артист болсоң деле болчудай " дешет. Бирок мен аскер болгум келет. Өзгөчө кийим менен түптүз кадам таштап, колдорумду шилтеп...

Ырдаганды үйрөнүүгө апам өзгөчө жардам берет. Ал мугалим да. Ал эми жоокерлердей басканды үйрөнгөндө атамдан кеңеш алам. Ал майор. Кээде досторума да үйрөтөм. Аларды тизип алып марш менен бастырам. Өзүм командир болуп алам. Бизде да тартип катуу. Ыр менен марш тээп басабыз. Эрежени бузгандар кадимкидей тил угат. Ошентип ойнойбуз. Орусча, кыргызча көп ырларды үйрөнүп алдык. Биз жазып, анан жаттап отурбайбыз. Дароо эле ырдап киребиз. Билбегендер угуп эле үйрөнүп алышат», - дейт Акыл Мухамбетов.

Ал райондо өткөрүлгөн «Сары-Өзөн чолпондору» фестивалында «Жаш манасчы» номинациясы боюнча ардак грамотага татыктуу болгон.

«Эпостон үзүндү айттым. Чоң сахнада сүрдөгөн деле жокмун. Өзүм менен өзүм болуп эле жаттым. Бир убакта элдер кол чаап калганда токтодум. Азыр да «Манас» эпосунан үзүндү айтууну үйрөнүп жатам.

Учурда эс алууда жүрөм. Куткаруучу досторум менен да жолугушам. Алардын жашоосу мага кызыктуу. Бирок кантип, кимди куткарат жакшы деле түшүнбөй жүрөм. Ошентсе да аларга жакындай берем. Мен ырдагым, клипке тартылгым келет. Дагы тартылууну улантабыз го. Жаңы ырлар менен чыгам. Апам үйрөтөм деген», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×