Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Чүй облусуМосква району 15.08.2019 17:01 На русском

«Кызым тирүү болгондо 22 жашка чыкмак»: Ж.Молдокулованын арманы

Turmush -  «Кыргыз тили», «Ала-Тоо айымдары» төш белгилеринин ээси Жамал Молдокулова Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылынын тургуну, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы. Ал 1962-жылы Нарындын мурунку Тянь-Шанында төрөлгөн. Анын жашоосу, маданият тармагындагы ойлору менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, кичи мекени Казан-Куйган жеринен 8-классты аяктаган соң, Бишкектеги экономикалык техникумдан билим алган. Студенттик күндөр өткөн соң, нарындык кыз Чүйдүн Москва районуна келин болгон. Ал күндөрүн мындайча эскерет: «Москванын Садовое айылына келин болдум. Көп улуттуу калк менен жашоо өзүнчө романтика тура. Алар менен бир туугандай жашап келебиз. Тил үйрөнүп, дил тазартабыз. Салтыбыздын формасы ар түрдүү болгону менен мазмуну бирдей.

Кудайга шүгүр. 2 уул, 2 кыздуу болдум. Касиет аттуу кызым жашында оорудан каза тапты. Эгер ал тирүү болгондо 22 жашка чыкмак. Адам баласын кубаныч менен кайгы, сүйүнүү менен өкүнүү коштоп жүрөт шекилдүү. Кызымдын жаркын элеси бүгүн да көз алдыма тартыла берет. Ошол үчүн энебиз да. Өзүмдү ал ойдон канчалык оолактатсам, ошончолук жүрөгүм жакындай берет. Эске түшкөн сайын куран окуп, бата тилейм. Уулдарым Жаныбек менен Мирландын, кызым Маликанын жана 5 неберемдин өмүрүн тиленем. Өзгөчө, Малика кызым мени тарткан. Мен 3 жашымда эле ырдачумун. Ал да жаштайынан эле ырга шыктуу. Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы миң комузчунун бири. Мындан сырткары Казакстанга барып, сынакта да байгелүү орунду багындырып келген. Жаш болсо да райондук, облустук, республикалык бир нече сынактарга катышып келет. Өткөндө өзү санап: «Апа, менде ардак грамота, алкыш, мактоо баракчаларын кошкондо 60 болуптур. Буюрса, мектепти бүткөнгө чейин 100 болот окшойт» деп тамашалаган. Ал жакында Садовое айылындагы Мирошниченко атындагы орто мектептин 10-классына барат.

Мен уул-кыздарым, ата-энем менен өзгөчө сыймыктанам. Атам Сабыр Жумалиев жана апам Эркин Мамырбаева элге кол өнөрчүлүгү менен таанылган адамдар. Өткөн жылдардагы Манастын 1000 жылдыгы мааракесинде алардын колунан даярдалган боз үйдү өзүм тиктиргем. Калыстар тобунун чечими менен Москва районуна 1-орун ыйгарылган. Ал эми I, II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы сынакка да катышып, андан да байгелүү орундарды багындырган. Бул менин ата-энемдин да ийгилиги. Ушундай кубанычтар менен 10 жылдан ашуун убакыттан бери маданият тармагында иштеп келем. Анда эмгектенген Б.Бейшембиев, Б.Абдымбаева, Любов Землянская, Г.Айдарканова жана башка ондогон кесиптештерим менен сыймыктанам», - деди ал.

Райондогу маданият кызматкерлеринин жетишкен ийгиликтери жөнүндө да айтты. Ошондой эле маданият үйлөрүнүн, айылдык клубдардын материалдык-техникалык базалары талапка жооп бербегендигине токтолду.

«Районубузда 25 клуб, 1 колхозчулар сарайы, 1 райондук маданият үйү, 18 айылдык китепкана, 1 балдар китепканасы, 1 Ч.Айтматов атындагы китепкана, 2 музыкалык мектеп жана 1 маалыматтык край таануу борбору бар. Аларда район боюнча 250гө жакын кызматкерлер эмгектенишет. Алардын ичинен 6 айылдык клуб, райондук маданият үйү жараксыз абалда. Мындай көйгөйгө карабастан маданият кызматкерлери райондук, облустук, республикалык маданий иш-чараларга активдүү катышат. Мисалы, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында миң комузчунун ичинен 50 комузчу биздин райондон болгон. Жакында Суусамыр өрөөнүндө өткөрүлгөн Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесиндеги иш-чараларга районубуз активдүү катышкан. Ошондой эле алгачкылардан болуп, этнофольклордук «Ак суунун ак элечек айымдары», казак хору «Станица», «Калына» украина фольклордук жана Петровкада орус элдик ансамблдери түзүлгөн. Учурда алар бир топ тажрыйба топтошуп, коомчулуктун колдоосуна татыды», - деди маданият бөлүмүнүн башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×