Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Чүй облусуМосква району 23.08.2019 10:43 На русском

Күл болуп сапырылган 2,5 млн сом: 35 жаштагы дыйкан А.Мукеевдин кубанычы жана өкүнүчү

Turmush -  Арсен Мукеев Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылынын 35 жаштагы тургуну. Ал дыйканчылык жана мал чарбачылык менен эмгектенет. Анын жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

Чүйдө 301 гектар жер өрттөнүп, ишкерлер дан эгиндин түшүмүнөн кур калды. Видео

Үстүбүздөгү жылдын 8-июлунда Петровка аймагында болгон өрттө дыйкандардын 301 га жердеги арпа, буудайы күйүп кеткен. Анын ичинде А.Мукеевдин 90 га жери да болгон. Арадан бир жарым ай убакыт өтсө да өрттүн себептери тыкыр иликтенбей келет. Өрт чыккан эгин талаасы темир жолдун боюнда болгондуктан түрдүү себептерди айтуу менен убакыт өтүүдө. Өрттөнгөн талаа, үзүлгөн үмүттөр менен жашоосун улаган дыйкан алдыда жакшы күндөр да боло турганына ишеним менен оптимисттик көз карашын таштайт. Өз чарбагындагы жумуштары жөнүндө айтты.

«Ошентип, эгин талаасындагы 90 га арпа, буудайым өрттөнүп, күл болуп сапырылып жок болду. Көз алдымда өрттөнгөн талаа, үзүлбөгөн үмүттөр... Быйыл аба ырайы жаанчыл болгондонбу же арпанын жогору сорттогу үрөнүн сепкенденби, айтор түшүм мол болгон. Бирок үмүт үзүлүп, кырманга 90 гектардан бир тоголок дан түшпөй калбадыбы. Тилсиз жоо тилегибизди заматта талкалап салды. Менин байкем, иним жана бир балам бар. Ата-энебиз жок. Жаштыгыбызда көп эле кыйынчылыктарды баштан кечирдик.

Таңдан-кечке талаа, кээде соода-сатык жумуштарында да иштедик. Байкем бизди ээрчитип ар ишке көндүрдү. Ошентип аз-аздан каражат топтоп, дыйкан жана мал чарбачылыгын түздүк. Эми өрт алган жерден башка да азыраак эгин талаабыз бар. 70 гектар жерге жүгөрүнүн пионер сортун өстүргөнбүз. Кудай буюрса жакшы. Келерки жылы арпа, буудай эмес, бардык эгин талааларына жүгөрү өстүрсөмбү деген ойдомун. Анткени, ал өрттөнбөйт экен», - деди ал.

«Өрт» деген сөздү укканда өмүрүндөгү алгачкы жолу материалдык жоготууга учураган күндөрү эсине түшөт. Бирок жашоону жакшы адамдар дайыма толуктап турганын белгилейт.

«Районубуздун акими баш болгон жергиликтүү жетекчилер 301 га эгин талаасы өрттөнгөн дыйкандарга жардам көрсөтүлө турганын айтты. Көңүлүбүз көтөрүлүп калды.

Мал чарбачылыгында уй, торпок, букаларды багабыз. Азыр жайлоодо. Учурда эгиндерди жыйноо менен катар кышка даярдык жумуштарын да жүргүзүүдөбүз. Ар жумушту сапаттуу, натыйжалуу жүргүзүү менен тапкан каражаттарды үнөмдүү жана максаттуу жумшоого аракеттенебиз», - деди ал.

Ал өрттөнгөн эгин талаасынан башка жерде өстүрүлгөн азыраак өлчөмдөгү арпа, буудайларын оруп-жыйноо жумуштарын жүргүзүп жаткандыгына токтолду.

«Дыйкандын бир күнү жылга тете. Жайы менен маңдай тер төккөн эгин талаалардан түшүмдөрүмдү жыйнап жаткан учурум. Күнү-түнү техникалар эгин талааларында. Ар кандай техникалык коопсуздукту сактоо боюнча иш-аракеттерди такай жүргүзүүдөбүз. Негизгиси түшүмдү коромжусуз жыйноо, мол түшүм алуу. Эгерде агротехникалык эрежелерди так колдонуп, дыйканчылыктын технологиясын мыкты өздөштүрсөң жүгөрүнүн пионер сортунан гектарынан 14 тонна, ал эми арпанын жогорку сортунан 4 тонна, буудайдын жогорку сортунан 5 тоннага чейин түшүм алууга боло турганын практика көрсөтүүдө», - деди.

Арсен Мукеев аталган өрттүн кесепетинен болжол менен 2,5 млн сом жоготкон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×