Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Чүй облусуМосква району 26.08.2019 14:58

Чүйдүн мектептери 1-сентябрга даярбы?

Turmush -  Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев облустагы мектептердин курулуш иштерин текшерип чыкты.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынын билдирген маалыматы боюнча, ал Москва районунун Бала-Айылчы айылындагы жана Мураке айылындагы С.Бегалиев атындагы мектебинде, Ысык-Ата районундагы Ш.Рахманова атындагы мектебинде болду. Алтынбек Намазалиевдин айтымында, облустагы окуу имараттары 1-сентябрга даяр болуп калды.

«Москва районундагы Бала-Айылчы айылындагы мектеп 150 орундуу жана эки кабаттуу болуп курулду. Курулуш иштери 1-сентябрга чейин толук бүткөрүлөт. Учурда имараттардын баары жаңы окуу жылына даяр болуп калды. Билим берүү министрлиги менен биргеликте мектептердеги жетишпеген жагдайларды жоюу үчүн иш-аракеттерди көрдүк», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×