Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Чүй облусуМосква району 20.09.2019 10:34

Улуттук көчмөндөр оюндары: Сокулуктун кол өнөрчүлөрү Чүйдүн намысын коргошот

Turmush -  Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарында кол өнөрчүлүк сынагына Чүйдүн атынан Сокулук районунун уздары катышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Токтобүбү Ракинбаева билдирди.

Анын айтымында, райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн «Айым апалар» этнофольклордук тобунун эмгектери көрсөтүлөт.

«Анда термеден жасалган капчыктар, боз үйдүн жабдыктары, курактан жасалган төшөк, жаздыктар, килем, кийизден жасалган сувинерлер, кыл аркан, чийден токулган килем, териден тигилген көлдөлөӊ, ала кийиз, туш кийиз жана башка кол эмгектер көрсөтүлөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×