Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Чүй облусуМосква району 06.10.2019 11:41

Москва районундагы лицейдин кичи футболдук аянтчасы ачылды

Turmush -  5-октябрда Москва районундагы Беловодск айыл өкмөтүндөгү №28 Кыргыз-орус лицейинде кичи футболдук аянтчанын ачылыш аземи өткөрүлдү. Ошондой эле айыл аймагында жайгашкан окуу-тарбия мекемелеринин кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Валерия Килязова аймактык кабарчыга билдирди.

«5-октябрь - Мугалимдердин кесиптик күнү. Биз Беловодск айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Биринчи май, №3 Беловодск мектеп-лицейи, К.Сыйданов, Степаненко жана А.Сыдыков атындагы орто мектептерине жана 4 бала бакчага куттуктоо үчүн бардык. Анда 15 мугалимге жана 12 бала бакчанын тарбиячыларына айыл өкмөтүнүн ардак грамоталарын тапшырдык. Ошол эле күнү №28 Кыргыз-орус лицейинде кичи футболдук аянтчанын ачылыш аземи өткөрүлдү. Анда айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Ешалиев куттуктоо сөз сүйлөп, кичи футболдук аянтча өздүк каражаттын эсебинен курулгандыгын айтты. Ал кесиптик окуу жайга футболдук топторду тапшырды», - деди жетектөөчү адис.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×