Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Чүй облусуМосква району 10.11.2019 15:34

Москва районунда мамлекеттик символдордун авторлору менен жолугушуу өттү

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундагы №28 кесиптик лицейде мамлекеттик символдордун авторлору менен жолугушуу болду. Бул тууралуу кесиптик лицейдин уюштуруу иштери боюнча жетекчиси Наталья Путылина маалымдады.

Анын айтымында, белгилүү инсандар кесиптик лицейге келишип, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен таанышкан. Ошондой эле мугалимдер жана окуучулар менен баарлашты.

«Мамлекеттик гимндин автору Шабданбек Кулуев, туунун автору Жусуп Матаев жана гербдин автору Садырбек Дубанаев менен жолугушуу өзгөчө мааниге ээ болду. Анда мамлекеттик символикалардын авторлору болгон белгилүү инсандар, коомдук ишмерлер менен пикир алышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Алар лицейде кесипке багыт берүүдө жаралып жаткан ийгиликтерибизге күбө болушту.

Белгилүү инсандар менен акимдин орун басары Жоомарт Нарботоев, РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Уран Шамбетов бирге болушту. Лицейдин директору Сагынбек Чагарбаев аларды мугалимдер, окуучулар менен биргеликте тосуп алып, окутуунун жаңы технологиялары, кесиптик билим берүүнүн артыкчылыктары боюнча айтып берди», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×