Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 17.11.2019 12:00

Таластын ордочулары республикалык мелдеште унаа утту

Turmush -  Тоңдо социалдык эмгектин баатыры Т.Исмаиловдун жаркын элесине арналган ордо оюну боюнча республикалык мелдеш болуп өттү.

15-ноябрда Тоң районунун Кара-Талаа айылында СССРдин Жогорку Советинин эки жолку депутаты, Ленин орденинин эки жолку ээси, социалдык эмгектин баатыры Төлөсүн Исмаиловдун жаркын элесине арналган ордо боюнча республикалык биринчилик болуп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Ордо боюнча республикалык мелдешке Бишкек шаары, Ош, Талас, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынан бирден команда жана Тоң районунан Калкагар, Кара-Талаа, Шор-Булак айылдарынын командалары катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду алган Талас облусу «Жигули» автоунаасы, 2-орунду ээлеген Бишкек шаары 20 миң сом, 3-орунду алган Ысык-Көл облусунун Түп району 10 миң сом менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×