Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Чүй облусуМосква району 12.03.2014 17:22

Москва районундагы турак үйгө туруктуу жашай турган жери жок адам уурулукка кирген

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунда уурулукка шектелип туруктуу жашай турган жери жок жаран кармалды.

Бүгүн, 12-мартта Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Сретенка айылынын 49 жаштагы тургуну М.Ж. тарабынган 10-март күнү белгисиз адамдар эшигин сындырып, үйүнөн 19 миң сомдук баалуу буюмдарын алып кеткени тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул факт боюнча шектелип кармалган, туруктуу жашай турган үйү жок 38 жаштагы К.Советбек тергөө абагында камакка алынды.

Ал уурулук кылганын мойнуна алууда жана учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×