Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
БаракелдеМосква району, Бишкек 18.03.2014 17:21

Чүй облусунда 51 жаштагы аялды өлтүрүп дааратканага көмүп салган кылмышкерлер камакка алынды (видео)

Turmush -  Чүй облусунун Москва РИИБдин кызматкерлери тарабынан аталган аймактын жергиликтүү тургунун зордуктап, өлтүрүүгө шектелип эки адам кармалды. Кылмышкерлер аялды өлтүргөн соң короодо жайгашкан дааратканага көмүп салышкан, деп билдирди бүгүн, 18-мартта Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.

Ушул жылдын 11-март күнү Москва РИИБге аталган райондун тургуну коңшу айылда жашап, эмгек биржасында иштеп келген 51 жаштагы эжеси ушул жылдын жаз мезгилинен бери дайынсыз экендигин билдирген.

Аталган факт боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринде белгиүү болгондой, аны акыркы ирет белгисиз эркек киши үйүн актап берүү үчүн алып кеткен. Ал киши Москва районунун жашоочусу экендиги такталып, милиция кызматкерлери сурак жүргүзүү менен короосун текшерген учурда, ал аялды өлтүрүп, денесин жашырган жерди көрсөтүп берген.

«Кылмышкерлердин айтымында, март айынын башында М.Замар коңшусу менен бирге, үйүн актатуу максатында эмгек биржасынан бир аялды алып келген. Үчөө бирге спирт ичимдигин ичкен соң, экөө аялды зордуктоого аракет кылышкан. Андан соң жоопкерчилик тартуудан коркуп, аны өлтүрүп, денесин жашыруу максатында үйдүн короосунда жайгашкан дааратканага көмүп салышкан», - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда аталган кылмыш боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары Москва районунун тургундары 36 жаштагы М.Замар менен 48 жаштагы И.Албек камакка алынды жана алар кылмыштарын мойнуна алууда. Тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×