Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
БаракелдеМосква району, Бишкек 26.03.2014 14:07

Сокулук районунда эки жигит 14 жаштагы кызды 3 күн камап, сексуалдык мүнөздөгү зордук көрсөтүшкөн

Turmush -  ИИМдин кылмышкерди издөө башкы башкармалыгы менен Чүй ОИИБдин кызматкерлери жана Сокулук РИИБдин кылмышкерди издөө бөлүмү биргелешип, жашы жете элке кызды зордуктоого шектелген эки жигитти колго түшүрдү.

Бүгүн, 26-мартта Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 18-март күнү Сокулук РИИБдин күзөт бөлүмүнө кайрылган 55 жаштагы айым анын 14 жаштагы кызын, ушул жылдын 14-мартынан баштап 17-мартына чейин белгисиз адамдар, бейтааныш үйдө кармап турганын билдирген.

Аталган факт боюнча ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, кылмышкерлер 14 жаштагы кызды мыйзамсыз кармап, физикалык күч колдонуу менен сексуалдык мүнөздөгү зордук көрсөтүшкөн.

Бул кылмыш иши боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 20 жана 27 жаштагы эки жигит кармалды.

Учурда кылмышка шектелүүчүлөр камакка алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×