Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Чүй облусуМосква району 13.05.2014 16:48

Депутат К.Осмоналиев Чүй облусундагы бир катар мектептердин абалы менен жеринен таанышты

Turmush -  Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев бүгүн, 13-май күнү Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорунда болуп, бир катар мектептердин абалы менен жеринен таанышты.

ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапардын жүрүшүндө Сокулук районундагы №1 мектепке барганда, билим берүү мекемесинин курамында гимназиялык класстар да бар экени, алардын иши Билим берүү жана илим берүү министрлигинин атайын жобосу аркылуу жөнгө салына турганы белгилүү болду. Мектеп жетекчилиги 1-4-класстар үчүн жаңы стандарттагы Курикулум программасы боюнча билим берүү жүрүмү окуу китептердин жетишсиздигинен улам үзгүлтүккө учурап жатканын айтышты.

Ал эми Москва районундагы Петровка жана Биринчи май айылдарынын мектептеринде мектепке чейинки билим берүү «Жумушчу дептердин» негизинде окутулат. Мугалимдердин айтымында, мындай билим берүү усулу Билим берүү жана илим берүү министрлиги тарабынан азыркыга чейин бекитилип берилбегендигинен же четке кагылбагандыгынан улам, кыйынчылыктарды жаратууда.

Ошондой эле, мугалимдер мектепте билим берүү программасы менен Жалпы республикалык тестирлөө суроолорунун ортосунда айырмачылыктар болгондуктан, окуучулардын чыныгы билимин аныктоого терс таасир тийгизип жатканын билдирди. Ага жооп катары, депутат өзү Бирдиктүү мамлекеттик сынак жөнүндө мыйзам долбоорун даярдап жатканын, алардын сунушу эске алына турганын айтты.

Ошону менен бирге, мектеп жетекчилери учурдагы инфляцияны эске алуу менен, мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү, мурда алынып салынган мугалимдердин адистик категорияларын кайрадан киргизүү менен, кошумча төлөмдү калыбына келтирүү өтүнүчтөрүн билдирди. Депутат бул маселелерди иликтеп көрүп, анан бир жыйынтыкка келүүгө убада берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×