Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Чүй облусуМосква району 15.05.2014 18:28

Вице-премьер Э.Сариева Москва районундагы үч эм балалуу болгон үй-бүлөгө 150 миң сом тапшырды

Turmush -  Бүгүн, 15-майда вице-премьер-министр Элвира Сариев Чүй облусунун Москва районундагы Беш-Корук айылында жашаган көп балалуу жаш үй-бүлө Асымбаевдердин үйүндө болду. Үч эм наристелүү болгонго чейин Асымбаевдердин эки баласы болгон. Э.Сариева Өкмөттүн резервдик фондунан жаш үй-бүлөгө 150 миң сом тапшырып, жаш эне менен ымыркайларга бекем ден-соолук жана кең келечек каалады.

«Кыргыз үй-бүлөсү энени — үй-бүлөнүн очогун сактоочу жана жылуулук менен жакшылыктын булагы катары ар дайым сыйлап келген. Үч эмдин энеси болуу — бул чоң сыймык, жаш үй-бүлөдө ушундай сонун ымыркайлардын төрөлүп жаткандыгына кубанычтамын», - деп куттуктады Э.Сариева.

Ошондой эле, Өкмөт тарабынан жаш үй-бүлөгө шарт түзүү жана балдардын толук кандуу өнүгүшү үчүн бардык күч жумшалат, деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×