Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
БаракелдеМосква району, Бишкек 16.05.2014 13:18

Мүлк урдоо менен алектенип келген 52 жаштагы кылмышкер Москва районунан кармалды

Turmush -  Башка адамга тиешелүү мүлктү урдоо менен алектенип келген кылмышкер Чүй облусундагы Москва райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган учурда жанынан курал алынды. Ички иштер органдарына кайрылган Беловодск айылынын 20 жаштагы тургуну Д.С. билдирүүсү боюнча, ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, окуя болгон жерге атайын топ барды. Анда белгилүү болгондой, бир нече күн мурун терезе аркылуу турак үйдүн ичине кирген белгисиз бирөөлөр кымбат баадагы курулуш буюмдарын уурдап кетишкен.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси («Урдоо») менен кылмыш иши козголду.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшү менен аталган кылмыш иши боюнча 52 жаштагы жергиликтүү тургун В.С. кармалып, камакка алынды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×