Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
БаракелдеМосква району, Бишкек 30.05.2014 09:41

Москва районунда айдоочу унаасын башкара албай Чоң Чүй каналына түшүп кетип, каза болду

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундакечээ, 29-май күнү саат 12:40да Калинин айылынын тургуну 1965-жылы туулган М.Асылбеков (мам.№S22-03I) «ВАЗ-2106» үлгүсүндөгү унаасын башкара албай Чоң-Чүй каналына түшүп кетти. Натыйжада айдоочу каза болду.

ӨКМ басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, окуя болгон жерге ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары барышып, авариялык-гидравликалык куткаруу шаймандарынын жардамы менен унааны каналдан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×