Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
БаракелдеМосква району, Бишкек 09.06.2014 11:35

Москва районунда жеңил унаалар сүзүшүп, 1 адам каза тапты

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундакечээ, 8-июнь күнү саат 10:30дар чамасында Беловодск айылында «ГАЗ-53» унаа (мам. номери S 30-80 W) менен «Фольксваген-Пассат» (мам. номери S 94-08 L) унаасы сүзүштү, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы.

Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болгон («Фольксваген-Пассат” унаасынын айдоочусу).

Жол кырсыгы болгон жерге ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборудун куткаруучулары барышып, каза болгон адамды унаанын ичинен чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×