Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
БаракелдеМосква району, Бишкек 26.06.2014 15:40

Москва районунда жаңжал учурунда карындашы байкесин бычак менен сайган

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунда көкүрөгүнө бычак менен жаракат алган адам ооруканага жеткирилди, деп билдирет Чүй ОИИБ.

Москва райондук ички иштер башкармалыгына маалымат аймактык оорканасынан түшкөн.

Оперативдүү-тергөө тобунун кызматкерлери аныктагандай, 22 жаштагы жабырлануучу үйүндө өзүнүн карындашы менен болгон жажал учурунда бычактан жаракат алган. Денеге оор жаракат келтирүүгө шектүү 20 жаштагы кыз кармалган.

Учурда кылмыш ишин козгоо боюнча маселе каралууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×