Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Чүй облусуМосква району 01.07.2014 11:00

Президент А.Атамбаев Москва районунда ӨКМдин аскер кызматчыларына батирлердин ачкычтарын тапшырды

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-июлда КР ӨКМдин куткаруучуларды даярдоо боюнча мамлекеттик борборунун аскер кызматчыларына көп батирлүү турак үйдү тапшырды.

Үй Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылында жайгашкан. Анда 18 батир бар, алардын 6сы бир бөлмөлүү (1 батирдин аянты 39,6 чарчы метр), ошондой эле, эки бөлмөлүү (54,6 чарчы метр) жана үч бөлмөлүү 6дан батирлер (78,2 чарчы метр).

Үйдүн курулушу 2009-жылы башталган, жана ушул жылдын июнь айында бүткөрүлдү. Курулушка каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнүп, аткарылган жумуштардын жалпы сметалык баасы 21,5 млн сомду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×