Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Чүй облусуМосква району 21.07.2014 11:05

Беловодское айылында жеке турак үй эмеректери менен чогуу толук өрттөнүп кетти

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Беловодское айылынын Украинская көчөсү №17 дарегинин тургуну Э.Салиевдин үйүнөн өрт чыгып, жыгач устундуу шифер жабылган аянты 72 чарчы метр турак үйдүн чатыры, эмеректери, сыналгы, муздаткыч, төшөнчүлөрү күйүп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жыгач устундуу шифер жабылган аянты 21 чарчы метр курулуш чарбанын чатыры жана 150 түк чөп да өрттөнүп кеткен.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×