Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Чүй облусуМосква району 20.09.2014 14:58

Москва районунда 24 жаштагы айдоочу эки жүргүнчүнү сүзүп кетип, бири каза болду

Turmush -  Москва районунун ички иштер органы 2014-жылдын 17-сентябрында болгон жол кырсыгынын жагдайларын териштирүүдө. Бул тууралуу КР ИИМ басма сөз кызматы кабарлады.

Түзүмдүн маалыматына караганда, болжол менен саат 22:30дар чамасында Бишкек-Чалдовар авто жолунда 24 жаштагы Кант шаарынын жашоочусу Б.У. «Мазда» авто унаасын Москва районунун Петровка айылында батыш багытын көздө айдап бара жатып, эки жүргүнчүнү уруп кеткен. Аталган кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерде 49 жаштагы А.А. каза болгон. Экинчи жүргүнчү 50 жаштагы Б.Б. аймактык ооруканага жаткырылган.

Азыркы учурда кырсыктын бардык жагдайларын иликтөөлөр улантылууда. Автотехникалык жана башка экспертизалар дайындалды. Унаа унаа токтотуучу аянтчага киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×