Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Чүй облусуМосква району 29.09.2014 10:30

Беловодск айылындагы балдар интернатына кышында жылуулук берилбей калуу коркунучунда

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылында жайгашкан психоневрологиялык балдар интернатынын жылуулук системасын альтернативдүү катуу отунга өткөрүү үчүн 3 млн сом талап кылынат. Бул туурулуу аталган интернаттын директору Светлана Токорбашева билдирди.

Анын айтымында, интенаттын имаратын бир гана электр энергиясы менен жылытылат. Быйыл электр энергиясына чектөө киргизилгендигине байланыштуу электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүшү мүмкүн.

«Жылытуунун башка түрүнө өтүү үчүн чоң суммадагы каражат керек. Ал эми, бизде мындай каражат жок. Биз республикалык каржылоодо турабыз жана анда бул боюнча каражат бөлүнгөн эмес», - дейт директор.

Бүгүнкү күндө Беловодсктогу балдар интернатында 4 жаштан 18 жашка чейинки 254 бала жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү балдардын мээсинин шал оорусу, психикалык өнүкпөй калуудан, Даун синдромунан жабыркагандар.

Ошондой эле, 254 баланын ичинен 94ү ордунан тура албаса, 43ү жөрмөлөгөндү гана билет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×