Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуМосква району 23.10.2014 09:14

Москва районунда кондитердик цехтен өрт чыгып, 3 тонна кумшекер, 1 т суу май, 1 т ун жана жабдуулар күйүп кетти

Turmush -  Чүй облусундагы Москва районунун Ак-Суу айылындагы Шолохов көчөсүнүн №9 дарегинде жайгашкан кондитер цехинен чыккан өрттүн кесепетинен 3 тонна кумшекер, 1 тонна суу май, 1 тонна ун жана жабдуулар күйүп кетти.

Бүгүн, 23-октябрда ӨКМ билдиргендей, аталган өрттүн кесепетинен бир нече тонна азык-түлүктөн тышкары цехтин жыгач устундуу темир жабылган 400 чарчы метр аянттагы чатыры жана 2 даана жабдуу күйүп кетти.

Кондитердик цехке Ю.Богиев ээлик кылган, ал эми өрттүн себеби электр жабдууларын куроо эрежелеринин бузулушу менен байланыштуу болгон, деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×