Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Чүй облусуМосква району 24.10.2014 14:15

Беловодск айылынын аймагында 6 жаштагы кызды унаа сүзүп кетип, жаракат алды

Turmush -  Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылынын аймагында кечээ, 23-октябрда саат 08:30дар чамасында болгон жол кырсыгынын кесепетинен 6 жаштагы кыз жаракат алды.

Чүй ОИИБдин маалыматына ылайык, кызды сүзгөн «Сузуки Алто» унаасын 45 жаштагы Р.Андрей башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен денесине ар кандай жаракаттарды алган кыз ооруканага жеткирилди.

Учурда аталган унаа атайын жайга токтотулду жана кырсыктын себеби аныкталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×