Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуМосква району 03.11.2014 18:37

Москва районундагы жол кырсыгынын кесепетинен 6 жаштагы бала каза болду

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылында 31-октябрда болгон жол транспорт кырсыгынын кесепетинен 6 жаштагы Р.Майрамбек каза болду.

Бүгүн, 3-ноябрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, «Хонда» үлгүсүндөгү унаа баланы Ломоносов жана Крупская көчөлөрүнүн кесилишинде сүзүп алган.

Учурда аталган окуяга себепкер айдоочу кармалды. Унаа атайын жайга токтотулуп, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×