Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Чүй облусуМосква району 11.11.2014 11:03

Москва районунун Мураке айылында 150 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Turmush -  Москва районунун Мураке айылында жакында жаңы мектеп курулат, анын жаңы имаратынын пайдубалы түптөлдү. Бул заманбап эки кабаттуу имарат 150 окуучуга ылайыкталып, спорт зал менен кошо салынат.

Имараттын көтөрүлүшүнө республикалык бюджеттен 47 миллион сом пландалган.

Азыркы иштеп жаткан мектеп көп убакыттан бери авариялык абалда турат, ал 1993-жылдан тарта иштеп келет. Физикалык жана моралдык эскиргендигинен улам 1991-жылы жабылуу маселеси козголуп, ал жабылып калган, бирок, альтернативанын жоктугунан улам 1994-жылы мектеп кайрадан иштеп баштаган.

«Балдар көп, мектепке 154 окуучу келет, окуу эки смена менен өтөт, бул мектептин мындай абалы менен оңой эмес», - деп билдирди жергиликтүү жашоочу Арзыкан Дунганова. Ал буга чейин жаңы мектептин курулушу боюнча аракеттенип келет.

Арзыкан айымдын идеясы алты айыл өкмөтүнөн, төрт акимдин жана үч министрден өттү. Эми 20 жылдан кийин анын кыялы орундалган жатат.

Аталган иштер өз убагында башталып, мөөнөтүндө бүтүш үчүн ЖК депутаты Туратбек Мадылбеков жашоочуларга курулушун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүп, анын баттан жүрүшүнө катышуусун айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×