Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Чүй облусуМосква району 11.11.2014 11:09

Александровка айылынын активисттери Жайыл жана Москва районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүштү

Turmush -  Александровка айылынын активисттери Жайыл жана Москва районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

«Щинщу» коомдук бирикмесинин кайрымдуулук акциясына Москва районундагы 221 үй-бүлө жана Жайыл районунан бир нече үй-бүлө камтылган. Анын негизинде ар бир үй-бүлөгө 5 литр өсүмдүк майы, 5 кг күрүч, 5 кг кесме берилди.

«Биз тизмеге алгач жетим, майып, көп балалуу үй-бүлөлөр жана оор жашоо шартындагыларды киргизебиз. Улуттук таандыктыгы жана жашаган жери мааниге ээ эмес. Муктаждарга жардам берүү биздин милдетибиз деп билебиз», - деди «Щинщу» коомдук бирикмесинин мүчөсү Разия Ливаза.

Маалым болгондой, бул бирикме тарабынан уюштурулган акция Москва районунан чыккан ишкерлер тарабынан каржыланды.

«Жардамга муктаж жердештерибиз абдан көп. Ошондуктан биз биригип, 5 жылдан бери жарда берип келебиз. Курман айттын алдында биз 300 тургунга бирден кап ун жана 5 литр өсүмдүк майын бергенбиз. Биздин акциялар мындан ары да улана бермекчи. Биздин дин, тарых, ата-бабаларыбыз жана намысыбыз ушундай тарбиялайт», - дешти «Щинщу» коомдук бирикмесинен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×