Turmush — Москва районуна караштуу Садовое айылынын 46 жаштагы тургуну Гүлмира Жээнтаева кыргыз тилчи мугалим болуп иштеп келет. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, Аксы районунда төрөлгөн. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктап, 28 жылдан бери агартуу тармагында эмгектенип келет.
«Жогорку билимге ээ болдум. Жогорку окуу жайлардын биринде иштөөнү каалаган оюм өзгөрүп, мектепти тандадым. Балдар дүйнөсү башкача экендигин сездим. Мүмкүн бүт өмүрүн агартууга арнаган ыраматылык атам Рысбайдын жолун жолдодумбу, айтор балдарды окуткум келди. Бирок кантип, кандайча, мен берген билим таасирдүүбү деген соболдор көлөкөдөй ээрчип, бир нерсе жетпегендей болуп жүрдүм.
Ошондой күндөрдө «Энелер мектебин» негиздөөчүсү Гапыр агай жөнүндө маалымат алдым. Китептерин окудум, мектебине барып, тажрыйба топтодум. Москва районунда «Энелер мектебинин» координатору болуп, тажрыйбасын жайылтып келем», - деди ал.
Каарманыбыз буга катар эле эмгек жолунда окуучулары тарабынан жазылган кат үчүн көзүнө жаш алганын эскерди.
«Ал окуя күнү бүгүн да эсимде. Март айы эле. Күндөрдүн биринде ден соолугум начарлап, ооруканада дарыландым. Сакайып чыккан соң, үйүмө келсем терезеде кооз оролгон гүлдесте жана жанында кат жатат. Албетте, гүлдү жакшылыктын белгиси катары кабыл алдым. Бирок сырдуу катка таң калдым. Жакшылык менен жамандык кээде жанаша жүрөт дешет эмеспи. Оюма ар нерселер келип кетти.
Акыры ачып окуп баштадым. Катта «Гүлмира эжеке! 8-март — Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктайбыз. Эч качан оорубаңыз. Биз сизди сагындык. Сиздин сүйүктүү окуучуларыңыз 6-класс» деп жазылыптыр.
Ишенесизби, ушул 4 сүйлөмгө катылган сөздөргө кадимкидей көзүмө жаш алдым. Терезе таяна ойго батып турсам уулум чуркап келип кучактап, «Апаке, сизге эмне болду? Тез жардам чакыралыбы?» деп ыйлап жиберсе болобу. Катты көрсөткөндө гана уулум өзүнө келип, кайра-кайра кучактап, өпкүлөгөнү эсимде.
Ошондо мен мугалимдик кесиптин туу чокусундагы сыйды көрдүм. Мугалим болгонума сыймыктандым. Азыр эле балдарга жетип барып, ар бирин беттен сүйүп, катарлаша жетелегим келди. Ден соолугум сакайып, менин оорумдун дарысы окуучуларымдын мээриминде, аларга болгон билим, тарбиянын күчүндө экендигин түшүндүм», - деди ал.
Мугалим айым буга катар эле 78 жаштагы апасы Сонунбүбүдөн кол өнөрчүлүктү үйрөнгөнүн айтты. Үй-бүлөдө 3 уулдун энеси.