Turmush — Чүй облусундагы Москва районунун Беловодск айылында 200 түп ак кайың көчөтү отургузулду. Бул тууралуу Нарзан айыл өкмөтүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, ак кайың көчөттөрү Беловодск айылындагы Ак-Суу көчөсүнө тигилди. «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери уланууда.
«Учурда Ак-Суу көчөсүнүн эки тарабына 200 түп ак кайың көчөтү отургузулду. Ага айыл өкмөтүнөн атайын техникалар тартылды. Бул иш-чарага Абу-Бакир мечитинин жамааты жана жергиликтүү тургундар активдүү катышып, дыйкан-фермердик чарба демөөрчүлүк көрсөттү», - деп айтылат маалыматта.