Turmush — Ош облусунун Өзгөн районундагы мушташ боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланып жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 22-апрель күнү Өзгөн РИИБге 1983-жылы туулган С.Б. жана 1989-жылы туулган Ж.К. аттуу жарандар денелеринен учтуу нерседен жараат алып, ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, төмөндөгүлөрдү аныктаган. 2026-жылдын 22-апрель күнү Өзгөн райондук сотунун имаратынын короосунда соттук отурумга катышууга келген тарапташтардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, мушташа кетишкен. Анын кесепетинен 1983-жылы туулган С.Б. жана 1989-жылы туулган Ж.К. аттуу жарандар денесинен учтуу нерседен жараат алып, ооруканага кайрылган.
Учурда бул окуяга катышкан жарандар жана бул фактыга тиешеси бар делген 1989-жылы туулган А.С. тергөө кызматына жеткирилди. Жабырлануучуларга тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.
Буга чейин Turmush Өзгөн районунда айылдаштар мушташып, эки жаран бычактан жаракат алганын жазган.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, бүгүн, 22-апрелде Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагына караштуу Кашка-Терек айылында айылдаштар экиге бөлүнүп, мушташып кетишкен. Анын кесепетинен 43 жана 40 жаштагы эки жаран бычактан жараат алып, ооруканага жеткирилген.
Алдын ала маалымат боюнча, бир жаранга 4 жолу бычак сайылган. Ага ооруканада операция жасалды.
Айылдаштарынын айтымында, бул чыр 2025-жылы башталган. Былтыр жабыркап калгандар быйыл өч алышкан.
Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов бул боюнча маалыматы бар экендигин, милиция кызматкерлери иш алып барып жатканын билдирди.
Күбөлөрдүн видеосу: